www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынар Сатарова маалымат жыйын берди.

Жыйында Тажикстандан келген студенттер тууралуу айтып өттү. Ал билдиргендей, коңшу өлкөдөн Баткенге 61 студент келген жана алардын ичинен 7 студенттен коронавирус аныкталган.

"Азыркы учурда Тажикстанда коронавирус аябай кенен жайылып, бул вирус менен көп адам жабыркап жатат. Албетте, биздин облус Тажикстан менен чектеш, айрым айылдарыбыз алар менен өтө тыгыз байланышта болуп, үйлөр жакын жайгашып калган. Ошондуктан, биз чек ара аймактарында коопсуздук чараларын күчөткөнбүз. Чек ара көзөмөл-өткөрүү жайларын жана чек ара санитардык-карантиндик посттор күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Тажикстандан 61 студент биздин өлкөгө кайтып келди. Алардын ичинен 7 студенттен вирус аныкталган. Жакшы жагы ошол 61 студент чек арада обсервацияга алынгандыктан үйдөгү туугандары менен байланышта болгон жок. Биз чек ара айылдарындагы жашоочулар үчүн эртеңден баштап эпидкөзөмөлдүн негизинде мониторинг жүргүзүп, медициналык скрининг өткөрөбүз", - деп билдирди Чынар Осмонова.

Булак: NazarNews.org

Последние новости