www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурордун отчетун бардык депутаттар колдоду

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеш башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчетун "канааттандырарлык" деп тапты.

Башкы прокурордун баяндамасын бекитүү жана ага канааттандырарлык деген баа берүү тууралуу токтомго жыйынга катышкан 113 депутаттын баары "макул" деген добуш беришти.

Жамшитов билдиргендей, 2019-жылы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине, 163 миң 549 арыз катталган. Анын 87 374ү кылмыш, 76 175и жорук болуп саналат. 2019-жылы прокуратура органдары мамлекеттин пайдасына 39 миллион 455 миң сомду өндүрүш үчүн сотко 998 доо арыз жиберген. Анын 81% канааттандырылып, 27 миллион сом өндүрүлгөн.

Эске сала кетсек, Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрелинен бери Башкы прокуратураны жетектеп келатат. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости