www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр Голд Компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн уулу Алмаз Теңгиз уулунун Аламүдүн райондук сотунда каралып жаткан иши жабылды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу менен айыпталуучу Алмаз Теңгиз уулу өз ара жарашып, жабырлануучу тосмо арыз жазгандыктан, иш соттук өндүрүштөн кыскартылган.

Эскерте кетсек, 35 жаштагы Алмаз Теңгиз уулу 10-июнда «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси боюнча шектүү катары кармалган. 

Милициянын маалыматы боюнча, укук коргоо органдарына «А.Г.» аттуу фирманын өкүлү кайрылган. Ал арызында билдиргендей, А.Т. (Алмаз Теңгиз уулу) аттуу жаран супервайзер болуп иштеп жүрүп, 274,3 миң сомдук продукцияны алып, аны саткандан кийин акчаны кассага төкпөй изин жашырып кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Алмаз Теңгиз уулу кармалгандан кийин анын бөгөт чарасы Аламүдүн райондук сотунда каралып, ал 2 айга үй камагына чыгарылган. 30-июнда анын иши райондук сотко өткөрүлүп берилген.

Последние новости