www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-декабрындагы №388 «Транспорт каражаттарын техникалык кароону уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча шашылыш чаралар жөнүндө» Жарлыкка өзгөртүүлөрдү киргизди. Документ расмий жарыяланды.

Маалым болгондой, бул өзгөртүүлөр техникалык кароого мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык:
•    Мурда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын алдындагы техникалык борборго жүктөлгөн функциялар президенттин Иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна өткөрүлүп берилди;
•    Жарлыктын тиешелүү пункттарында жооптуу орган катары жаңы түзүмдүн аталышы көрсөтүлдү;
•    Президенттин иш башкармалыгына караштуу борбор техникалык кароо реформасын ишке ашырууга катышкан органдардын тизмесине киргизилди.

Последние новости