www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооруканадан Өмүрбек Текебаев Би-Би-Си радиосуна интервью берип жатып, «Бабановго электораты ишенет, аны саясатка ошолор апкелет» десе, «Мырзакматов да баштагы саясаттагы ордуна келе алат» деген маанайда экөөнө дух бергендей сүйлөдү. Текебаев иш жүзүндө Бабанов менен Мырзакматовду мекенине кайтууга үндөгөндөй ишарат жасады.
Эгерде алар келишсе кандай тагдырга туш болорун билебиз. Ансыз да өлкөдө саясый туруксуздук бузулуп кетүү коңгуроосу кагылып жатканын Кой-Таштагы элдин жаалынан байкап атпайбызбы. Бир эсе эмдиги жылы парламенттик шайлоо болот.
Ооба, Бабанов менен Мырзакматов Кыргызстанга келүүгө ашыгып эле турушат да. Булар өлкөдө кандайдыр бир кый-чалыш кырдаал түзүлсө пайда болушары шексиз. Ал эми баштарын тобокелдикке байлашып, коркпостон келүүгө батынышса эмне болушат?
Камалып кетүү коркунучунда турган Атамбаев упай алса, ошол эле маалда түрмөдөн жакынкы айларда чыга турган Текебаевдин жылдызы жанат. Кокус өлкөдө олку-солку кырдаал жаралса, саясый күчтөрдүн башын бириктирүүгө, алдыга суурула көч баштай чыгууга Өмүрбек Чиркешовичке эбегейсиз шанс келет. Андыктан, арканды жөн жерден алыска ыргытпаса керек...
Булак: Акын Бекчороев, АЗИЯnews