www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту парламенттик шайлоого катышкан жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын караганы жатат. Аны менен кошо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин 6-октябрдагы башаламандыкта бошотулган тарапташтары Фарид Ниязов, Канатбек Сагымбаев да бөгөт чарасын караш үчүн сотко жеткирилди.
Белгилей кетсек, булар Ала-Тоо аянтындагы митинг убагындагы жаңжалга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда 48 саатка камалган.
Соттун имаратынын алдына чогулгандар «Темирлан! Темирлан!» деп кыйкырып турушат. Буга чейин социалдык тармактарда 22 жаштагы саясатчы Султанбековду камактан бошотуш керек деген пикирлер айтылып жаткан.
Булак: NazarNews.kg