www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында жанына мыйзамсыз түрдө ок атуучу курал алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматына белгисиз адам ок атуучу курал менен жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Анын негизинде шектүү катары Ош облусунун 37 жаштагы жашоочусу А.С. кармалган. Анын жанынан мыйзамсыз алып жүргөн «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча табылган.

Аталган факт Жазык кодексинин 255-беренесинин (Курал-жарактарды этиятсыз колдонуу) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ошондой эле кармалган жаран «Крайслер 300C» үлгүсүндөгү унааны башкарып жүргөн.

Азыркы учурда топтолгон материалдар Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына жөнөтүлдү. Соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости