www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскердик тик учак кырсыктаган аймакка үч тез жардам бригадасы чыгып кетти. Бул туурасында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Министрлик кырсыкка байланыштуу Ош облусунун Ноокат районунун Кичи-Алай аймагынан (Чоң Алай районунун жака бели) чакыруу түшкөнүн маалымдады.

Ноокат райондук Жалпы дарыгердик практика борборунун директорунун орун басары Эртабылды Көккөзов маалымат түшөрү менен үч тез жардам бригадасы жөнөтүлгөнүн айткан. Алар ооруканага жеткирилгенден кийин кошумча маалымат берилет.

Ал эми Коргоо министрлиги МИ-8 МТ аскердик тик учагы авариялык абалда конууга аргасыз болгонун тастыктады. Бортто 10го чукул адам болгон. Алдын ала маалымат боюнча үч киши жеңил жаракат алган, алар медициналык жардамдан баш тартканы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости