www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилеги бирдин - жүрөгү бир

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 13-октябрында 2026-жылдын 1-декабрынан тартып аскер кызматчыларынын жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин акчалай камсыздоосун, ошондой эле пенсионерлердин тиешелүү категорияларынын пенсиялык камсыздоосун жогорулатууну караган Жарлыкка кол койду.

Аталган Жарлык Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратурасынын, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын аскер кызматчыларына, кызматкерлерине жана пенсионерлерине тийиштүү деп эсептелинет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым сайтында кечээ жарыялангандай (president.kg/kg/news/21/41000) Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештери жалпы белгиленген пенсия курагына (эркектер үчүн 63 жаш, аялдар үчүн 58 жаш) жеткен жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы пенсионерлерге муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортунда акысыз жүрүү укугун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышты. Ош шаарында бул жеңилдик 2026-жылдын 1-октябрынан тартып колдонулууда, ал эми Бишкек шаарында 2027-жылдын 1-январынан тартып колдонула баштайт.

ИИМдин кызматкерлеринин  айлыгы көбөйтүлүп, ал эми ардагерлеринин пенсиясы 10 миң сомго  жогорулай тургандыгы тууралуу Президенттин Жарлыгын айрыкча биздин ардагерлер терең кубануу менен толкундануу менен тосуп алды десек жаңылышпайбыз. Кубандык, бири-бирибизди куттукташтык, маалыматтарды бөлүштүк.

Ички иштер органдарынын жана Ички аскерлердин ардагерлеринин коомдук бирикмеси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаковго, Ички иштер министри Улан Ниязбековго министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосуновго,  Каржы чарба Башкы Башкармалыгынын Каржы башкармалыгынын башчысы Эркин Бабаяровго, ИИМдин Пенсия бөлүмүнүн башчысы Каныкей Куватовга  жана биздин пенсияны көтөрүү боюнча бизди колдогон аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө жалпы Ардагерлеринин атынан терең ыраазычылык билдиребиз.

Жарлыкка ылайык, 2026-жылдын 1-декабрынан тартып кызматкерлердин кызматтык маянасы 10 000 сомго жогорулатылат. Кызматкерлердин жана аскер кызматчыларынын ай сайынкы акчалай камсыздоосунун өлчөмү ээлеген кызматына, атайын наамына, кызмат өтөгөн жылдарына жана мыйзамдарда каралган башка төлөмдөргө жараша өзгөрөт. Мындан тышкары, кызматтык маянанын жогорулашына байланыштуу эмгек өргүүсүнө төлөнүүчү каражаттардын, кызматтан бошотуу жөлөкпулдарынын жана камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү да көбөйөт.

Биз, өмүрүнүн көп жылдарын Кыргызстандын тынчтыгын, элибиздин коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоого арнаган милициянын ардагерлери, пенсиянын көбөйтүлүшүн өзгөчө кубаныч менен кабыл алып, Сиздерге чын дилибизден ыраазычылык билдиребиз.Бул чечим көп жылдар бою ак кызмат өтөп, бүгүнкү күндө ардактуу эс алууда жүргөн улуу муундагы адамдарга болгон камкордуктун, эмгекти баалоонун жана социалдык колдоонун маанилүү белгиси деп эсептейбиз. Биз үчүн пенсиянын көбөйүшү-материалдык жардам гана эмес, көп жылдык эмгегибизге көрсөтүлгөн урмат-сыйдын, ардагерлердин жашоосуна көңүл буруунун жана алардын кадыр-баркын көтөрүүнүн айкын көрүнүшү.

Элибиздин бакубат жашоосу, өлкөбүздүн өнүгүшү, мамлекетибиздин тынчтыгы жана туруктуулугу үчүн мамлекетибизде жазалып жаткан ийгиликтүү иштерди колдойбуз жана кубаттайбыз.  Алдыда келе жаткан кыргыз милициясынын 102 жылдыгынын алдында кызматкерлерге жана ардагерлерге татыктуу белек болду деп эсептейбиз. Баардыгыңыздарды терең урматтоо менен,

Бакыт Сеитов 

Кыргыз Республикасынын ички
иштер органдарынын  жана 
Ички аскерлердин ардагерлеринин
коомдук Бирикмеси

Последние новости