www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир нече күндөн бери этти жана жаныбарлдарды экспорттоого тыюу салынды деген кабар кээ бир фермерлер менен ишкерлерди нааразы кылып келген. Тилек Токтогазиев өзүнүн Фейсбук баракчасында бул темага тиешелүү ачыктаманы видео аркылуу бөлүшүп, көпчүлүктүн бир-топ суроосуна жооп берди.
Анын айтымына караганда акыркы убакта эт, май жана сүт азыктарына баалардын кымбатташы өлкө ичиндеги продукциянын аз болушу болууда. Продукциянын аз болушу болсо, анын Кыргызстан ичинде сатылып, элди камсыздабастан сырт жакка экспорттоодо болууда. Жалпы кыргыз элине жетпей жаткан продукттарды сыртка чыгаруу туура эмес экенин, ошол эле учурда бул чаралар убактылуу гана кабыл алынган чечим экенин баса белгилеп кетти. Качан гана, Кыргызстандын өзүнө жетиштүү продукт болгондо, кайрадан, уруксат берилерин айтты.
"Этти экспорттоого бөгөт коюлган жок. Аталган тыюу салуу болгону тирүү малга тиешелүү. Ошондуктан, этти экспорттоону уланта бериңиздер"- деп айтат ал.
Булак: NazarNews.kg