www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилек Токтогазиев эттин баасы төмөндөй турганын билдирди

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өлкөдөгү эттин баасын турукташтыруу үчүн 2 механизмдин үстүнөн иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-январда министр Тилек Токтогазиев Бишкек шаарындагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, биринчи механизм — бул Кыргызстанга мал экспорттоо. Ага байланыштуу өндүрүлгөн эттин көлөмү көбөйүп, анын баасы төмөндөйт.

«Бирок эттин баасы дароо төмөндөп кетпеши үчүн биз ошол эле учурда этти экспорттоо механизминин үстүнөн иштеп жатабыз. Эгерде малдын импорту аябай көп болсо, анда фермерлер эттин баасы төмөндөп кетти, деп даттанып башташат. Ошондуктан, бааны бир калыпта кармаш керек.

Эгерде контрабанда ушинтип улана берсе, анда эттин баасы мындан ары да жогорулай берет. Биз чек ара үчүн жооп бербейбиз, ошого байланыштуу ушундай механизмдер менен бул рынокту көзөмөлдөгүбүз келет.

Министрлик өзүбүздүн рычагдар менен таасир этүүгө аракеттенип жатат, биринчи мал алып келип, эт өндүрүүнү көбөйтүп, андан кийин экспорттоону карап жатабыз», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости