www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкек башкы архитектура» тармагынын мурдагы жетекчиси Аскат Түлөбердиев өткөн жумада камакка алынып, эки күндөн кийин үй камагына чыкты. Ал эми эки күн мурун ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна башка жетекчи дайындалганы маалым болду.

Түлөбердиев тууралуу буга чейин эле бир топ айтылып, жазылып келген. Коррупция «гүлдөп» жаткан тармактар боюнча архитектура алдыда экендигин эч ким танбаса керек.

Ошол эле учурда камакка алынган жетекчи АскатТемирбекович эми жөн гана кызматтан кетүү менен жазадан кутулуп кетпейби? Мүлкүн, жашоо-шартын тыкыр текшерсе «мыйзамсыз баюу» беренеси менен да иш козголушу мүмкүн Түлөбердиевге. Аны менен катар Бишкек шаарынын мурунку мэри Албек Ибраимов экөөнүн мыйзамсыз берген жерлери боюнча дагы тиешелүү органдар текшерип койсо далай «секреттер» ачылат эле.

Булак: De-Факто гезити

Последние новости