www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалайбек Нурбашев эмне иш кылып атканын өзү билеби?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик деген бар. Аталышы эле бир укмуш. Бирок, эмне кылып жатканын, бул тармактын милдети эмне экенин карапайым эл эмес, өздөрү деле билбейт.

2015-жылдан бери бултармакты Таалайбек Нурбашев деген неме жетектейт. Олтурат беш жылдан бери креслону жырткандан башка кыйраткан ишин көргөзө албай. Ачыгын айталы, Таалай Инашович жаңы жетекчи болуп келген алгачкы жылдары бир аз иштемиш эткен. Азыр эптеп күн өткөрүп айлык алып олтурат десек куп жарашчудай. Андай эмес десе кылган иштерин санап бсрсин?!
Негизинен биз сөз кылып жаткан тармак куйүүчу майдын, майлоочу майдын жана отун-энергстиканын маселелерин, тагыраак айтканда, алардын баасы, запасы, жана сапаты боюнча иш алып барышы керек. Бирок, Нурбашев жетектеген бул тармак «алтын балыктын» гана образында үн катпай иш алып барып жатканына таң калгандар арбын.

Ау, Таалай мырза, акыркы беш жыл дебейли, эки жылдагы аткарган иштериңиз боюнча үн катып койбойсузбу?!

Булак: De-Факто гезити

Последние новости