www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан Кытайга (үчүнчү өлкө же аймак аркылуу түз же транзиттик каттамдар менен) бара жаткан Кыргызстандын бардык жарандары учуп кетердин алдында Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигинен сайт аркылуу “Жашыл ден-соолук QR кодун” алышы керек. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жашыл ден-соолук QR кодун" алуу үчүн КЭРдин элчилиги расмий сайтында жарыялаган бардык талаптарды аткарышы зарыл.
"Мындан тышкары, үчүнчү өлкө аркылуу Кытайга транзит менен бара жаткан бардык жүргүнчүлөр Кытайга учардын алдында транзиттик өлкөдө тиешелүү процедураларды кайталап, ал өлкөдөгү Кытайдын дипломатиялык/консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жаңы "Жашыл ден-соолук QR кодун" алууга тийиш. Жарандар бул багыттагы акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты алдын ала билүүсү зарыл", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.
Эске салсак, буга чейин Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги бул өлкөгө барып окуй турган кыргызстандык студенттердин виза алуусуна жеңилдетилген шарт түзүп жатканы кабарланган. Бул тууралуу элчи Ду Дэвэн Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен жолугушууда айткан.
Булак: NazarNews.kg