www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун 156 миң шайлоочусу колдогону, бул биринчи ирээт Садыр Жапаровдун өзүнүн эл арасындагы болгон аброю. Мындай пикирин мигранттарды колдоо фондунун директору Тимур Саралаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
«Терең ыраазычылыкты айткым келет...
Шайлоонун алкагында, алгач Садыр Нургожоевичке, ал киши бизге ишеним артып, мүмкүнчүлүк берди, биз колубуздан келишинче ишти алып бардык. Албетте, жалпы Кыргызстандын жана анын ичинен Чүй облусунун 156 миң шайлоочусу колдогону, бул биринчи ирээт Садыр Жапаровдун өзүнүн эл арасындагы болгон аброю.
Андан соң гана ага кол-кабыш кылган, күнү-түнү үгүттөгөн команданын бирдиктүү, ынтымактуу, системдүү жана ыкчамдуу иши болду.
Терең ыраазычылыкты Суусамырдан, Панфилов, Москва, Сокулук, Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунан, Кара-Балта менен Токмок шаарларынан түптөлгөн эң мыкты командалардын жетекчилерине жана алардын артында турган миңдеген ыктыярчы ага-эжелерибизге, ини-карындаштарга билдирем.
Сиздер менен биз, күнү-түнү тынымсыз ачык-айкын, кыштын суугуна карабай, дем алуу менен эс алууну билбей, элге бир тыйын бербей иштештик, акыры жакшы жыйынтык болду.
Жеке мен үчүн, облустук деңгээлде - эң татаал, эң көп улуттуу, эң көп талапкерлер чыккан, эң саясатташкан чөлкөмдө штаб жетекчиси болуу жана жакшы жыйынтыкка облусту алып келүү чоң сынак болду. Облус-райондордун жардамы менен гана мындай мыкты жыйынтык болду, көп нерсени көрдүк, түшүндүк, үйрөндүк.
Республикалык штабдын жетекчилигине да рахмат, алар бардык маселелерди ыкчам чечип жатты.
Ишеним артып, улуу-жашы дебей мени менен иштешип, колдоого алганыңар үчүн Сиздерге чоң рахмат айтам!», - деп кошумчалады Тимур Саралаев
Булак: NazarNews.kg