www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаев NazarNews маалымат агенттигине Путинди Орто Азиядагы өлкө башчылары тиреги катары көрүшөт деген пикирин билдирди.

—Кыргызстанда Россиянын таламын талашкандар да, жээригендер да бар. Кыргызстан Россия менен гана бирдикте  иш алып барган жолду тандашы керекпи?

—Кыргызстан экономикасы артта калган өлкөлөрдүн катарында турат. Ошон үчүн баардык мамлекеттер менен соода-сатык, жана башка кызматташтык иштерин жүргүзүшү керек. Бир эле Россия менен бирдикте өнүгөбүз деген болбогон сөз. Анткени, Кыргызстанда эл керектөөчү товарлардын, техникалардын 95% ар башка мамлекеттен келип жатат. Бирок, Россиянын дан азыктарына, күйүүчү майына, газына мигранттардын акчасына муктаждыгыбыз бар экени чындык. 

Бирок, Кыргызстан тышкы саясатта чоң державалардын этегине жармашпай өз алдынча багытын аныктап өнүгүү жолун тандашы керек. Кошуна жана алыскы, жакын мамлекеттер менен байланышты күчөтүп, Германия, Япония, Түштүк Кореяга окшогон мамлекеттердин заманбап завод, фабрикаларын өлкөгө курдуруп жумушчу орундарды түзүп, кубаттуу өлкө курсак болот.

—Путиндин Орто Азиядагы орду кандай?

—Путиндин Орто Азиядагы орду чоң. Анткени, ар түрдүү окуялар өлкөлөр аралык же өлкө ичинде болгон чыр чатактарды алдын алууда Москваны Орто Азиядагы өлкө башчылар тиреги катары көрүшөт. Шайлоолор, саясий дайындоолорго да таасири бар. Тактап айтканда, бизде шайлоо башталганда эле саясатчылар Москвага каттай башташат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости