www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында Илим жана билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева уулун үйлөп, Акүй менен Көкүйдөн кадырлуу конокторду топ-топ кылып чакырат. Эски бийликтин эркеси аталган Индира Жолдубаева дагы ал тойго сыйлуу конок катары чакырылгандардын арасынан орун алат. Той өз нугунда өтүп, коноктор эки жашка деп тост айтып, рюмкаларын кагыштырып көңүлдүү олтурушат. Баарынан кызыгы той бүткөндөн кийин уланып жатпайбы.
Жакшы эле күүлөнүп алгандарды ким токтотмок элек. Ичтеги нерсе кытыгылап жаткан соң бир орунда туруу кыйын эмеспи. Канат Керезбеков, Алтынай Өмүрбекова, Индира Жолдубаевалар кечени улантыш үчүн караокеге барышып, таң атканда тарашыптыр.
Иштей берип эзилгендерди бекерчиликтен зериккен Жолдубаева жакшылап черин жазып койгонго жараса керек деген ой жаралууда.
Булак: ”Жаңы ордо”