www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тойлорго мораторий жарыяланышы зарыл

Бүгүн 24-сентябрда депутат Акылбек Жамангулов “Парламент” радиосуна маек курду. Эл өкүлү, - “Быйылкы жылдын бюджетинде 105 маараке каралыптыр. Ар бир мааракени өткөрүүгө көптөгөн финансылык чыгымдар кетет. Бул мамлекеттин казынасына зыян алып келүүдө. Ошондуктан, тойлорго мораторий жарыялоо зарылдыгы бар”, - дейт.

Мисалы, ошол тойлорго кеткен чыгымдарга андан көрө бала бакча , мектеп курулса коомго бир топ пайдалуу болмок, - деген ойлору менен бөлүшкөн депутат, - “Мааракелерди такыр өткөрбөй коюш керек дегенден алысмын. Бирок, ошол мааракелерди башкача тартип менен уюштуруунун жолдорун издесек болот. Айталы, китеп жазып, фильм тартып жаштарга белек кылса жакшы”, - деген пикирин ортого салды.

Жакында түштүк аймактарында иш сапар менен болуп, чек арада жүрүп жаткан иштер менен таанышып кайткандыгын да кабарлаган  А.Жамангулов, - чек арадагы элдердин карым - катнашы кыз алышып, уул үйлөгөн тойлор менен бекемделип жаткандыгын да ынтымактын символу, - деди. Ошондой эле парламентарий, -  “Мамлекеттин акчасын максаттуу пайдалансак өлкө өнүгөт. Быйыл Жогорку Кеңеш дагы 80 жылдык мааракесин белгилейт, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси. Бул иш - чаралар сөзсүз түрдө жогорку деңгээлде белгилениши зарыл”, - деп олуттуу иш чараларга да өзүнчө токтолду деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости