www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылыч Султан Атамбаевдин оюнчусубу?

22-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына «Бизди, баардык жүргүнчүлөрдү Сеул-Алматы рейсинен алып салды, ага себеп өтө кызуу абалындагы биздин министрликтердин бириндеги жогорку кызматтагы чиновник айымды 1,5 саат чыгара албай коюшканы болду», - деп жазып, аягында «Позор!» деп белгилеген.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылыч Султан бул чиновник айым – эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова деп айтып чыкты.

Ал бул чиновник айымдын өтө мас абалында болгонун өз көзү менен көргөндөй айтып, сүрөттөп берген маалымат булактарына. Бирок, дал ошол убакта Кылыч Султан Сеулдагы аэропортто эмес, Кыргызстанда жүргөн. Ал эми ал жактагы элчиликтин кызматкерлери аэропортко 1,5-2 саатта араң келишкен. Бирок, Кылыч Султан өзүнүн кызматкерлери али аэропортко жетелекте эле жогорудагыдай комментарий берип жиберген. Ошондо мыйзам ченемдүү суроо жаралат: К.Султан З.Каденованын мас экенин кайдан билди? Бул биринчи жагдай.

Экинчиден, З. Каденованын спирт ичимдигин ичкенин тастыктаган справка барбы? Жок. Анда Кылыч Султан эмнеге таянып З.Каденованы мас абалында деди?

Үчүнчүдөн, К.Султан З.Каденованын Ош облусунун Кара-Кулжа районунан экенин жакшы билген. Бул ошону билип туруп, атайылап президент С.Жээнбековдун ишине көлөкө түшүрүүнү максат кылган.

Айрымдар жазып аткандай З.Каденова мамлекет башчысынын эч кандай жээни эмес, туугандык жайы жок. Анан дагы ал Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлык кызматына 2015-жылы эле келген.

Каденованын өзүнүн жогорудагы окуя боюнча берген комментарийине таянсак, ал эч кандай спирт ичимдигин таткан эмес. Ал Түштүк Кореяда 20 күндүк окуу программасы менен болгон. Анан акыркы 3-4 күндөн бери өзүнүн жүрөгү ооруп атканын байкаган. Ошондон улам ал корвалол жана валерьянка ичип аткан. Ошол күнү самолетко түшөрдүн алдында да дарыларды ичип, артынан кола ичип алган, ага чейин кофе да ичкен экен. Анан бортко түшкөндө өзүн жаман сезип, дааратканга барууну өтүнгөн. Бирок, ага азырынча дааратканага кирүүгө болбой турганын айтышкан. Ошондо ага желим баштык алып келишкен, анын жүрөгү айлангандыктан, желим баштыкка кускан. «Менин өңүм бозоруп кеткен, ичип алгандай болуп титиреп тургам. Бирок, мен ичкен эмесмин, мен такыр эле спирт ичимдиктерин ичпейм», - дейт З.Каденова.

Анда К.Султан эмнеге жалган маалымат берди? Мунун себеби да түшүнүктүү болуп турат. Ал буга чейин президент С.Жээнбековго кирүүгө аракет жасаган экен. Бирок, мамлекет башчысынын иш графиги жыш болгондуктан, аны кабыл ала алган эмес. Буга Кылыч Султан катуу таарынып калган экен. Ошол ызасын ал минтип З.Каденова аркылуу чыгарууда.

Эмнеси болсо да жеке таарыныч, ызаа үчүн башка бирөөнүн ар-намысына шек келтирген Кылыч Султанга кандайдыр бир чара көрүлүшү керек го. Же ал муну экс-президент А.Атамбаевдин кызыкчылыгы үчүн атайылап жасап атабы? Биз ага тиешелүү «Супер.кж» порталы азыркы бийликти сындаган, Атамбаевди мактаган маалыматтарды берип атканын да эң сонун билет эмеспизби. Кылыч Султандын бүгүнкү маалымат жыйыны да Атамбаев менен макулдашылып, президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине каршы жасалган аракеттериби?

Бул окуяда Кылыч Султандын жасаган саясий шоусу максатына жетти. Буга чейин К.Султан Малайзиянын элчилиги кызматынан кетерин билип да ушундай шоу жасаган эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости