www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы Анар кичи районунун тургуну Андрей (ысымы өзгөртүлдү) темир электр мамычасына чыгып алып, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Анын мындай кадамга барышына үй-бүлөлүк чыр-чатактар себеп болгонун окуяга күбө болгондор билдирди.

Ал эми Ош ШИИБге бул тууралуу маалымат түшкөн эмес.

Turmush басылмасына маалым болгондой, анын 6 жылдан бери бирге жашап келе жаткан жубайы ажырашуу тууралуу арыз жазган. Жубайынын мындай чечимине Андрейдин ичкиликке берилип кеткени себеп болгон. Ал окуя болгон күнү — 2018-жылдын 10-сентябрында аялынан ажырашууга жазган арызын кайтарып алууну суранган.

Анын мамыга чыкканын, асынуу аракетин алгач эч ким байкаган эмес. Ал жипке асынгандан кийин ошол айланадагы эл куткарып калууга жетишкен. Айрым маалыматтар боюнча, ал жерге чогулган элдин саны 100 адамдан ашты. Окуядан кийин Андрейди туугандары үйүнө алып кетишкен.

Булак: "Турмуш"

Последние новости