www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зуура Каденованын орулуу абалын атайын саясатташтырып, Кылыч Султан өзү атайын учуп келип алдын-ала ушак таратканы жана аны Жээнбековдун жердеши экен деп сөз таратканы кимдин заказы экени эми түшүнүктүү болду.

1. Сеулда мас чиновник аял жаңжал салып, самолет 2 саатка жакын кармалды деген маалымат тарады.

2. Ал "мас" аял зам.министр Зуура Каденова экени белгилүү болду.

3. Зуура Каденова Кара-Кулжалык экен, ал президенттин тууганы деген кеп тарады.

4. Акыркы убакта Атамбаевчил болуп кеткен элчи Кылыч Султанов Зуура Каденова жөнүндө негативдүү маалыматтарды ыкчам бере баштады.
(Элчи башка элде мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, жаманды жашырып, ар намысты коргош керек болчу)

5. Зуура Каденовага "Ейр-Астана" авиакомпаниясы 100 миң доллар айып сала турганын жана кара тизмеге киргизгенин жазып чыгышты.

6. Бул маалыматты уккандын баары Каденованы жаман пикир менен талкууга алышты.

7. Каденова Кыргызстанга учуп келип, өзү жөнүндө тараган маалыматты төгүндөп, ал арак ичпей турганын, бирок учуу алдында жүрөк оорусуна байланыштуу дарысын ашыкча дозада ичип алып, өзүн жаман сезгенин, ошого байланыштуу учууга тыю салып, рейстен түшүрүп салганын айтты.

8. "Ейр-Астана" авиакомпаниясы З.Каденова катышкан инцидент боюнча жооп берип, "Каденова бортко отурганда биздин суроолорубузга жооп берген жок, жаман абалда болчу. Ден соолугуна байланыштуу (абалына) ага учууга уруксат берген жокпуз, кайра текшерүүгө алып, ошого байланыштуу каттам кармалып калды. Ал, кара тизмеге киргизилген жок",-деп жооп берген.

Бул окуянын болуп өткөн тизмеги. Анын мас экени же арак ичкени боюнча далил же экспертизанын жыйынтыгын эч ким көрсөткөн жок. Чын эле өзү айткандай жүрөк оорусуна ичкен дарысын ашыкча колдонуп алып, өзүн жаман сезген абалда болушу мүмкүн.

Эми, "Супер Инфонун" негиздөөчүсү Кылыч Султандын жана анын маалыматын көк бөрү тарып, саясий максатта коомчулуктун башын айланткандардын максаты бирөө эле. Президенттин тууганы, жердеши экен деген жаманатты кылууну таңулоо.

Бул окуя иликтениши керек. Мас болгонбу же Кылыч Султандын "беш өрдөгүбү" чекит коюлусу шарт. Эгерде, саясий максат болбосо, Кылыч Султан буту күйгөн тооктой болуп эмнеге тыбырап күйпөлөктөп жатат? Бул жалган жалаа менен элдин кыжырын кайнатуу болуп жүрбөсүн?...

Окуя болгондон кийин эле Өкмөт башчы аны кызматтан алды. Ага карабай Кылыч Султан артынан келип алып маалымат жыйын өткөргөнү эмнени каңкуулайт? Элчинин учуп келип мынтип маалымат жыйын өткөргөнү канчалык мыйзамдуу? Ал кайсы укуктарын колдонуп учуп келди, учуп келип кеткен чыгымын ким төлөдү?

Дайырбек Орунбеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости