www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет элдик сапарларынын негиздүүлүгүн текшерип чыгышы зарыл. Мындай тапшырма бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында берилди.

Депутат Аида Касымалиева министр жана анын орун басарлары кызматкерлерге келген чакырууну өзгөртүп, чет жакка өзүлөрү, кээде үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу барып жүргөнүн, премьер-министр уруксат бербей койсо дароо өргүүгө чыга коюп кетип калышарын, дипломаттык паспортту эс алуу мезгилинде колдонуп жүрүшкөнүн айтып чыкты.

“Бир жылда министр айым жана анын орун басарлары канча жолу чет өлкөгө кимдин эсебинен чыгышкан, чакыруу адиске келгенби, премьер уруксат бергенби, канча акча корогон, жыйынтык кандай? Бүгүн комитетте Башкы прокуратурага бул фактыларды текшерүү боюнча тапшырма бердим. Жыйынтыгын күтөбүз” деп жазды депутат Фейсбуктагы жеке баракчасына.

Министр Таалайгүл Исакунова парламенттик комитеттин жыйынына өзү да катышты. Депутаттын айрым айыптоолоруна ал “бул жалган” деп жооп берип жатты.

Ал эми Башкы прокуратура келтирилген бардык маалыматтар текшерилип, жооп берилерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости