www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-сентябрда, Николаев облусунун 1-май шаарында оорукананын алдына белгисиз адамдар жаш ымыркайды таштап кетишкен. Ымыркай сабалган абалда болгон, текшерүүдөн соң мээси жабыркаганы байкалган. Бул тууралуу балдар менен иштешкен шаардык башкарма фейсбук соц.тармагында билдирген.
Саат 22:00 чамасында шаардагы көп тармактуу оорукананын, төрөтүүчү бөлүгү тарапта жаңы төрөлгөн баланы картонго салып, таштап кетишкен. “Медициналык текшерүү учурунда наристенин кичинекей денесинде көптөгөн травмалар, көгөргөн жерлер, оор жаракаттар байкалган. Дароо медициналык жардамга муктаж болгон арткы мээнин жабырланганы аныкталган,”-деп жазат билдирүүдө.
Оорукана кызматкерлери ыкчам түрдө керектүү кызматтарды көрсөтүшкөн соң, реанимациялык-анестозология бөлүмүнө алып кетишкен. “Кийинки күнү Багдан деген ысым ыйгарышып, наристени Николаев атындагы облустук ооруканага которушкан. Бүгүнкү күндө эмдөө ошол жерде уланууда”,-деп билдирет 1-май шаардык кеңешинин балдар боюнча көзөмөлдөө органы.
Булак: NazarNews.kg