www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан» саясий партиясынын ондогон тарапкерлери 27-августта Токмок шаарында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимине каршы нааразылык акцияга чыгышты. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлдөрү "Азаттыкка" билдиришти.

Чогулгандар "Биз БШКнын чечимине каршыбыз!", "Биз мыйзам бузган жокпуз", "Адилеттүү сотту талап кылабыз!" деген жазууларды көтөрүп турушту. Боршайкомдун "Кыргызстан" партиясынын документтерин артка кайтарган чечимин жокко чыгарууну соттон талап кылышты.

БШК 25-августта «Кыргызстан» партиясы "шарттарды бузган" деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. Ага чейин, 24-августта партиялардан тизмеге байланыштуу тийиштүү документтерди кабыл алуу аяктаган. 17 партия эрежелерди аткарганы расмий кабарланган.

26-августта "Кыргызстан" партиясы БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости