www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окуучуларга бирдей форма кийүү талабы коюлабы?

Келе жаткан окуу жылында Кыргызстандын окуучуларына бирдей форма кийүү талабы коюлбайт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

"Бул тема катуу талкууланып жатат. Эмне себептен окуучуларды бирдей форма кийүүгө милдеттендирген жокпуз? Себеби айрым мектеп жетекчилери тигүү цехтери менен сүйлөшүп алып андан пайда көрүшөт. Ар ким өз кызыкчылыгы үчүн чуркабашы үчүн окшош форма кийүү талабын алып салдык. Бул үчүн мени сындашты. Бирок мектепте үстү ак (көйнөк), алды кара (шым, юбка) деген классикалык форма көптөн бери бар. Чечим кабыл алардан мурда биз ата-энелер менен акылдаштык", — деди Исаков.

Ошондой эле, окуучуларга окшош форма кийгизели деген мектеп жетекчилеринин өз кызыкчылыктары бар экенин белгилеп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости