www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат системасына 176 айыл өкмөт кошулду. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Бороновго таянып өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
"Санарип аймак" системасын 2020-жылдын аягына чейин толугу менен ишке ашыруу керек. Учурда ага 176 айыл өкмөт туташты. Система жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатып, адистердин калкка кызмат көрсөтүүдөгү ишин автоматташтырат", — деди Боронов.
Эске салсак, Кыргызстанда 450дөн ашык айыл өкмөтү бар.
Буга чейин өкмөт башчы өлкөдөгү мектептердин 99 пайызы интернетке кошулуп, 22 гана мектеп калганын айткан эле.
Булак: NazarNews.kg