www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан Роза Отунбаева тууралуу ачуу чындык суроо салды.

 “Роза Исаковна 7-апрелде элди чакырып коюп өзү бекинип "диванынын астында жаткан" да, (маркум Улан Эгизбаевке берген интевьюсунан) чыркырап ок алдында аны коргойбуз деп озүнан эне сүтү кете элек балдардын кызыкчылыгын саткан, Элнура сенин үңүңдү угабы?

"Мени убактылуу премьер кылып калтыргыла жаныма Темир мырзаны кошуп, Максим менен жакшы тааныш " деп өз кудасынын, бир тууган аны бийликке алып келген кайчы кудасынын кызыкчылыгын саткан адам кыргыздын кызыкчылыгын сактайбы.

Улуттук библиотекадан эн маанилүү Апостол деген дүйнөдө жок китептерди ким кайсыл жака жөнөткөнүн ким текшерди.? СҮРӨТ Музейден феминале ызы чүүну уюштуруп, жоголгон картиналар кимдин колуна тийгенин жабыш үчүн, экинчи жолу, белгилуу ишмер тарыхта изи калган айым Мира эженин тагдырына жылмандап туруп балта чапканда ага айымдар укугу кызык болбой эле өз күйругунун тазалыгы керек болду.

Уран кендери кантип анын сиңдиси Кененбаев мырзанын келини, кыска мөөнөттө белгилүү жашылдар лидер атка конгон Айжан Чылыбаеванын- Болот Кененбаевадин келини, анын жолдошуна кантип өткөн?

Лондондун борборунда кайсыл акчага 7 апрелден кийин миллиондогон долларлык үй анын кызына ким сатып берген?

Тайраңдап көчөлөрлү оңдогон баласына кайдан каражат келди?

Роза Отунбаеванын фондуна түшкөн гранттардын тазалыгын ким текшерди? Жана бийликте туруп ошондой чет өлкөлүк грант алууга кайсыл мыйзам ага жол берди?

Кантип миллиардерлер гана кире ала турган Париж, Мадрид клубдардын өкүлчүлүгүнө, кайсы акчасына кирди?

Кайсы бети менен Өткөл Президентин экспрезиденти деген жок мыйзамдын негизинде дагы бюджеттен миллиондогон сомдорду жеп жатат?

Эмнеге бул суроолорго же УКМК же Президент жооп бербейт? Эч ким Эч нерсе дебейт? Ошол каражат дариленгенге тыйын таппай кайыр сурап жүргөн саналуу тирүү калган апрел баатырларына эмнеге берилип койбойт?

7 апрелдин алдында бензинге акча таппай жүргөн бул эки инсан кантип чириген бай болду?

Тышкы иштер министрлигине жумушунан коррупцияга байланыштуу, мамкызыкчылыгын сактабаган айымды кайта ордуна алып келген 2005 тен кийин, атайын кудагыйым Бишкекти тынчытып кайра баштапкы абалга алып барат деген ой менен Убактылуу бийликтин өкүлү кылып шайлап кеткен, кайчы кудасы Курманбек Бакиевди жана кыргыз эл байлыктарын булар канчага сатты экен?”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости