www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимжан Аскаровдун аялы президентке кайрылды. Ал өмүр бою абакка кесилип, түрмөдө отурган күйөөсү Азимжан Аскаров быйыл январда эле күчөтүлгөн режимдеги абактан жалпы абакка которулуу укугу болсо да, эмгиче күчөтүлгөн режимде калтырылып жатканына нааразылыгын билдирген.

Анын айтымында, Азимжан Аскаровдун оор абалдагы саламаттыгы жакындарын кооптондуруп жатат, түрмө шартында Аскаров өзү дары жасап, оорусуна каршы күрөшүүгө аргасыз.

 Хадича Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго күйөөсү күнөөсүз айыпталып, түрмөдө отурганын, 2015-жылы АКШ мамдепартаменти тарабынан "Эрдиги жана тайманбастыгы үчүн" сыйланганын эскерткен.
Ошондой эле, Азимжан Аскаровдун кармалган учурунан тартып, кийинки тагылган айыптардын баары ойдон чыгарылган, жалган жалаа экенин айткан.

Хадича Аскарова өлкө башчыдан Конституциянын гаранты катары өлкөдө мыйзамдар сакталышына көзөмөл кылууну жана гумандуулукка барып, күйөөсүнүн мыйзамдуу түрдө эркиндикке чыгуусуна көмөктөшүүсүн өтүнгөн.

Эске сала кетсек, жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров “Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган” деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости