www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылдын акыркы 10 айында 8000 миңден ашык бодо мал Кыргызстандан тышка сатылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 12-13 эсе көп.

“Айыл чарба министрлигине номер аркылуу Аксыда, Ошто, Ала-Букада, Баткенде малды мыйзамсыз экспорттоп жатышкандыгы тууралуу маалымат түшүп жатат. Тыюу салуу боюнча нааразычылыктар болуп жатат.

Азыр бизди урушуп, жаман көрүшкөнү менен 1-2 жылдан кийин рахмат айтышат. Жарлык чыгарардан мурда биз башка жолдорун караштырып көрдүк. Эттин баасы кескин кымбаттап кетти. Өзбекстан мамлекетине малды мыйзамсыз жол менен экспорттоо токтобой жатат.

Бүгүнкү күндө коңшу мамлекетке тирүү мал сатуунун катталбаган учурлары мыйзамдуу сатуудан он эсеге көп. Мындай чектөө аркылуу чек арадан мыйзамсыз өткөрүүнү да ооздуктаса болот. Ошол эле учурда тыюу салуу тирүүлөй сатууга гана кирди, союп сатууга эч кандай чектөө жок” – деди ал.

Эске салсак, тыюу салуу тирүү малга эле тиешелүү эмес, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, кумшекер өңдүү бир катар товарларга да чектөө киргизилген. Убактылуу тыюу салуу боюнча токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости