www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Малдарды экспорттоого тыюу салуу маселеси боюнча, алар дагы деле Өзбекстанга жана Тажикстанга аткезчилик жол менен ташылып келе жаткандыгын көрүп жатабыз», – деди Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев бүгүн, 16-декабрда ЖКнын жыйынында.

Ал дем алыш күндөрү «Сосновка» постуна барганын, бир саатта эле ар биринде 30дан кем эмес уй жүктөлгөн 2 фура өткөнүн айтты.

«Уйлардын жарымысында биркалары жок. Документтерге ылайык, бул бодо мал Беларуссиядан Кыргызстан аркылуу Өзбекстан жана Тажикстанга жеткирилет. Документтерде бир уйдун баасы 3 миң рубль экени көрсөтүлгөн. Албетте, наркы төмөндөтүлгөн, анткени алар 12% КНС төлөшү керек», – деди ал.

Ал көптөгөн мыйзам бузуулар жана коштоочу документтерде дал келбестиктер болгонун кошумчалады.

«Ал жерде Финполиция иш алып барышы керек. Бул жерде коррупциялык схема иштеп жатат деп эсептейбиз. Кыязы, мал Беларуссиядан эмес, жасалма документтер менен Токмоктон Тажикстанга жана Өзбекстанга ташылат», – дейт министр.

Белгилей кетсек, 19-ноябрда Айыл чарба министрлиги айыл чарба продукцияларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салуу боюнча сунушту демилгелегени белгилүү болгон.

Тизмеде: жылкылар, бодо мал, эчки жана кой, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч буудай уну, өсүмдүк майы, шекер, жумуртка, йоддолгон туз, жем (чөп, саман, дан эгиндери) бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости