www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул милициясы талаадан ири өлчөмдө баӊгизатын чогултуп жаткандарды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 

Мааоыматка ылайык, Токтогул РИИБдин баӊгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери тарабынан район аймагындагы талаадан ири өлчөмдө баӊгизатын чогултуп жаткандар боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Бул факты Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Токтогул РИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, район аймагындагы талаадан салмагы болжол менен 63 кг түзгөн өзгөчө кескин жыты бар баӊгизатын чогултуп жаткан жеринен Токтогул районунун тургундары 1982-ж.т. К.С. жана 1988-ж.т. Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости