www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-августта Россия Федерациясынын ИИМдин Борбордук аппаратынын ардагерлеринин делегациясы Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев, милициянын отставкадагы генерал-полковниги Феликс Кулов, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Мыктыбек Абдылдаев, милициянын отставкадагы генерал-майору Абдыкапар Мавлянов, милициянын отставкадагы генерал-лейтенанты Бексултан Ишимов, эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргыз секциясынын президенти, отставкадагы генерал-майор Шейшенбек Байзаков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын башчысы милициянын полковниги Каныбек Абдрахманов жана ИИМдин башка ардагерлери катышышты.

Жалпысынан делегациянын курамына Москва шаарынын жана Москва облусунун ички иштер органдарынын борбордук аппаратынын ардагерлеринин аймактык коомдук уюмунун 13 ардагери кирет.

Аталган визиттин максаты - укук тартибин бекемдөө, коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Россия Федерациясынын ИИМдин ардагерлер кеңештеринин ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүү жана достукту чыңдоо. Ошондой эле, ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен жаш муундун ортосунда ишеним мамилелерин орнотуу.

Жолугушуунун алкагында ардагерлердин делегациясы мемориалдык тактага гүл коюп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскеришти. ИИМ административдик имаратына жана ИИМдин милициянын полковниги С.Наматбаев атындагы  борбордук музейине барышып, ички иштер органдарынын калыптануу тарыхы, иши жана функциялары менен жакындан таанышты.

Мындан тышкары, жолугушууга келген ардагерлер эгемендүү мамлекеттин түптөлүшүнүн башталышында оор жылдарда ички иштер органдарында иштөөгө туура келгенин белгилешти. Ардагерлер, азыркы милиция кызматкерлеринин милдети, албетте, кесипкөйлүккө доо кетирбей, өзүн-өзү өнүктүрүү менен дайыма алектенип, чыгармачылык жана спорттук жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү экендигин баса белгилешти. Ал эми улуу кесиптештери, дайындалган насаатчылар жана ардагерлер жаш кызматкерлерге кеңештерин айтып жардам бериши керек.

Иш-чаранын соңунда ардагерлер ИИМдин жетекчилигине көңүл бургандыгы жана ардагерлер кыймылына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Жолугушуунун соңунда ардагерлерге активдүү жана үзүрлүү эмгеги, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон зор жеке салымы үчүн төш белгилер жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, ардагерлердин 27-августтан 1-сентябрга чейин ардагерлер Ысык-Көл облусунда жайгашкан “Дзержинец” эс алуу борборуна,  Бишкек шаарына келүү жана Ички иштер министрлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө баруу каралган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости