www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул төмөндөгү сүрөттөгү автомобиль 00-02 ТА номериндеги автоунаа. Аварияга чейин КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппаратына мыйзамдуу катталган. Азыр Талас областынын административдик балансынан Бакай-Ата районунун айыл-чарба департаментинин балансына өткөн. Тилекке каршы чыры бүтө элек экендигин Талас обулусунун тургуну Төлөгөн Наралиев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
Ал, “бул транспортту 2016-жылдын 28-декабрь күнү, түнкү саат 23-00дөн кийин ошол убактагы Талас облусунун биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов унааны айдап бара жатып, Талас шаарында авария кылган. Азыркы учурда кызматтык авто унаа Бакай-Ата районунун айыл-чарба департаментинин гаражында экинчи кызматтык унаа болуп, жүрбөгөн, жараксыз абалда турат. Анткени Чолпон Төрөкулов азыр Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы. КР Айыл-чарба министри мыйзамсыз жана бүлүнгөн кызматтык унааларды өзүнүн райондогу тармактарына түртө береби? Жоопкерчилик кимде? Ким көзөмөлдөйт? Таза коом качан болот? 2010-жылы 6-7апрелде өлгөн адамдардын арбагына ким жообун берет? Мындай адамдарды кызматка аралаштырган адамдар да, жообун береби же сый акысын алып коюп жүрө береби? Кыргызстанга акыйкат качан келет?”, - деген пикирин билдирди Төлөгөн Наралиев.
Бул маалымат тууралуу экинчи тараптын пикирин укканга даярбыз.
Булак: NazarNews.kg