www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бул жолу үнсүз, жоопсуз калбайм. Эмне кылаарын билбей олтургандарга тапшырма жагдай болуптур. Баарыңарды Кудайга тапшырдым. Айтарым көп"- деп Дина Тореали агасынын кармалышы боюнча агынан жарылып берди.
- Дина, ал абалың кандай?
- Бүткүл аалам каршы чыкса да, бир тууган агамды соңуна чейин колдойм. Колумдан келсе көп нерсе жасайт элем, бирок Кудай өзү жеткиликтүү болуп турат. Биз үчүн күтүүсүз окуя болду.
- "Мен видеодон көргөн калпычы геройлор боюнча айтаарым көп"- дедиң. Муну менен эмнени айткың келип жатат?
- Ким эмне десе, буттан чалса да, агам биз үчүн эң мыкты жана күчтүү. Кудайдын агама берген духу менен мүнөзүн тартып алышабы? Колдорунан башка эмне келет? Казактын башка маселеси жокпу? Жооок... Чырылдаган кичинекей 5 жашар кыздарды зордуктаган боштондукта жүргөн педофилдерди мыкты болсоңор ушундай кармап кеткиле дегем келет.
- "Пабликтерде тараган жалган маалыматтар"- дедиң. Ошондо мунун баары калппы?
- Окуя мындай болгон. Эки күн мурун жеңем менен агам аэропортко Кызылордада күтүп олтурган бала чакасына шашып бара жатышкан. Сопсоо турган агамды рулда мас, чегип алган абалда кармалды деп жалган маалымат таратууга эч кимдин укугу жок. Элдин көңүлүн Казакстанда болуп жаткан окуяларды башка нукка буруу үчүн жасалган атайын нерселерден жалаа жабуулардан чарчадык.
- Бул атайын кимдир бирөөнүн буйрутмасы болгонбу?
- Жалаа жаап чындыктарын далилдей албаган адамдардын абалдарын азыр түшүнүп олтурам. Заказ болушу мүмкүн. Элге башка ой салып жалган маалымат тараткан пабликтер, сайттар түбү оңбойсуңар!
- Чындык кайда?
- Бүткүл элге чуулаган агама тиешелүү окуялардын артындагы чындыкты бизден башка эч ким билбейт. Чындыктын бетин ачайын десем экинчи жагы да бар. Чындык эч качан эч кимге жакпайт. Калганын агам эркиндикке чыкканда айтып берем.
- Видео тууралуу кандай ойдо болдуң?
- Эң биринчиден токтоткондо жакшынакай сүйлөбөгөн кызматкерди Кудай жазаласын! Интернетке таратканда неге толук видеонун башы жок. Неге бүткөн жери гана? Мыкты сценарий, азаматтар!
Эскерте кетсек, буга чейин казак ырчысы Төрөгали Төреали 20 күнгө камакка алынганы айтылган. Ага баңгизат колдонгон абалда унааны башкарган деген айып тагылган. Ал 20 күнгө камакка алуу түрүндөгү административдик жазага тартылып жана 7 жылдык мөөнөткө транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылган.
Аруужан Булекбаева
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат
Булак: NazarNews.kg