www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын эки жаранынын өлүмү менен аяктаган уруш эмне себептен улам чыкканы белгилүү болду. Тажик мигранттарынын ортосунда жаңжал жаңы сатылып алынган автоунаанын мурдагы айып пулдары төлөнбөгөндөн улам келип чыккан.
Кандуу жаңжал 12-июнда Екатеринбургдун Бардин көчөсүндөгү «Монетка» дүкөнүнүн алдында болгон. «Озоди» радиосунун маалыматына караганда, жаңжал Хатлон облусу менен Согд облусунун жашоочуларынын ортосунда чыккан.
Екатеринбургдагы тажик диаспорасынын башчысы Фаррух Мирзоев Хатлон облусунун тургуну Согд облусунун тургунуна унаа сатып, кийин алар жаңжалдашканын билдирди .
«Сатып алуу-сатуу келишиминен кийин айып пул төлөө боюнча 6 миң рублга квитанция келген. Жаңы кожоюндар келип, айып пулду төлөп, унааны кайра каттатып берүүнү суранышкан. Айып пул төлөнбөсө, улам эскертүү келип жатканын билдиришкен. Башында кер-мур айтышып, андан соң жалжал бычакташуу менен аяктаган. Алардын ортосунда дагы эмне болгону белгисиз», — деди Мирзоев.
Автоунааны саткан жана сатып алган кишилердин тек-жайы азырынча белгисиз.
«Коммерсантъ» басылмасынын маалыматына караганда, 12-июндагы бул окуяда эки тажик жараны каза болуп, дагы экөө жарадар болгон.
Булак: NazarNews.kg