www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Екатеринбург шаарында тажик жарандарынын ортосундагы чырдан эки адам каза болуп, дагы экөө жарадар болду. Бул тууралуу «Коммерсант» басылмасы жазды.

Окуя 12-июнь күнү таңга маал Бардин көчөсүндө жайгашкан «Тыйын» дүкөнүнүн жанында болгон.

Маалыматка ылайык, тажик жарандарынын ортосундагы криминалдык тирешүүгө жана жапырт мушташка акча маселеси себеп болгон.

Екатеринбургдун Свердлов райондук ички иштер башкы башкармалыгы кылмыштын бети изи сууй электе ачылып, шектүүлөр аныкталганын билдирди.

Полиция шектүүлөр Орусиядан чыгып кетүүгө үлгүрүшкөнүн белгиледи. Расмий маалыматка караганда, мушташта Темур Исмоилов жана Хофиз Ниеззода аттуу жарандар каза болгон.

Екатеринбургдагы тажик диаспорасынын төрагасы Фаррух Мирзоев шектүүлөр Казакстанда кармалганын, бирок тергөө органдары бул маалыматты азырынча тастыктай электигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости