www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын пенсия курагындагы мэри Эмил Абдыкадыров шаар тургандарын, меймандарды такыр кууратып бүтүрмөй болду.

Шаар таштанды чыкпай сасып жатса, адамдар жуунганга суу таппай сасып баштады. Шаардын улам бир жеринде суу чыкпай, эл аябай жүдөштү. Ал түгүл суу жок көп кабаттуу үйдө жашагандар туалетке бара албай калышты. Мындай көрүнүш чындап Кыргызстандын тарыхында боло элек болчу.

Кышында ыш, түтүн басса, жайында ичерге, жуунганга суу жок болсо, шаардыктар тагдырдын өгөй балдарыбы? Пенсионер мэр, иштегенге энергиясы калбай шалдырап калса, ордун иштей турган тың бирөөгө бошотсо болмок.

Маселен, Жамалбек Ырсалиев мэр болсом деп канчадан бери эңсеп келе жатат. Жаш, демилгелүү. Керек болсо, өтүк кийип алып өзү ишке аралашып кетет. Бийлик ушундай кадрларга мүмкүнчүлүк берсе болмок, чалдарды кыйнабай...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости