www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманбек Дыйканбаев Төрөбай Зулпукаровго карата каршы көрсөтмө берди деген маалымат жалган болушу мүмкүн. Бул тууралуу редакциябызга Төрөбай Зулпукаров билдирди.

Зулпукаров буга эч кандай негиз жок экенин белгиледи.

«Каршы көрсөтмө берүүсүнө эч кандай негиз жок. Ал эми Дыйканбаев 7 миллион сом алган деген маалыматты массалык маалымат каражаттарынан жана соцсеттерден окуп билдим», - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Курманбек Дыйканбаевдин тергөө менен кызматташууга макул болуп, Зулпукаровго каршы көрсөтмө бергендиги тууралуу маалымат тараган. 

Курманбек Дыйканбаев 24-ноябрь күнү кызмат абалынан пайдалууну фактысы боюнча УКМК тарабынан кармалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости