www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын ЖОЖдору карантиндик чаралардын кесепетинен улам Россия Федерациясына кире албай калган жана аралыктан окууда жетиштүү деңгээлде кубаттуу интернеттин жоктугунан улам жакшы окуй албай калган чет элдик студенттер үчүн бюджеттен каржыланган орундарды сактап калышат. Бул тууралуу Россиянын Билим берүү жана илим министрлигине шилтеме берүү менен “Комсомольская правда” басылмасы билдирди.
Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги чет элдик студенттерге “Кызматташуу мекемелери жана Россиянын университеттеринин жашаган жериндеги филиалдарында жумуш орундарын” камсыз кылуу менен аралыктан окутууну уюштурууга жардамдашарын кошумчалган.
Эске салсак, Москва жана Санкт-Петербургдагы бардык ЖОЖдор коронавирус пандемиясынын кесепетинен 13-ноябрдан баштап аралыктан окутууга өткөн. Ошол эле учурда, жазында мекенине кайтып келген чет элдик студенттер жаңы окуу жылынын башында Россия Федерациясына кире албай калышкан.
Булак: NazarNews.kg