www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бахтигул Базарматова изделет

Жалал-Абад шаарынын тургуну 1978-жылы туулган Базарматова Бахтигул Сабировна 2020-жылдын 25-ноябрь күнү саат 15:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде кызы менен коштошуп үйүнө көздөй кеткен боюнча үйүнө барган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда Базарматова Бахтигул Сабировнанын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 см, өңү буудай ыраң, чачы, кашы, көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Башында сары, кара түстөр аралашкан жоолук, тизеге чейин келген боз түстөгү куртка, кара түстөгү шым, такасы кызыл болгон кара түстөгү ботинка. 

Дайынсыз болуп жаткан Базарматова Бахтигул Сабировна тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. 

Тел: (03722) 5-28-31, 7-03-44, 0777 79-23-63, 0773 00-08-02.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости