www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциянын жаңы долбоорунда жайыттар мамлекеттин менчигине киргизилди. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин мүчөсү Чолпонбек Абыкеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, “Конституциянын негиздери” секциясы эки күндөн бери Баш мыйзамды талкуулап жатат.

“Азыр 21-беренеге жеттик. Баш мыйзамдын 17-беренесинин 5-пунктунда жер казына, аба мейкиндиктер, суу, токой, өсүмдүк-жаныбарлар жана башка жаратылыш ресурстары Кыргызстандын менчиги деп жазылат. Ал пунктка жайыттарды да коштук. Себеби кыргыз эли жайытка өзгөчө мамиле кылып келген. Акыркы жылдары жайыт маселеси курчуп, талаш-тартыштар да болууда. Мындан улам жайыттарды да мамлекеттин менчигине киргизип, сатылбайт дегенди киргиздик”, – дейт ал.

Абыкеев ошондой эле археологиялык, тарыхый табылгалар, мурастар жана объектилер мамлекеттин менчигине киргизилгенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости