www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талант Мамытов бүгүн, 1-декабрда, Нурсултан Назарбаевди Казакстан Республикасынын Тунгуч Президентинин күнү менен куттуктады.

«Сиздин жетекчилигиңиз менен Казакстанда жүргүзүлгөн масштабдуу реформалар өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө багытталып, Казакстанга жаркын келечектин жолун ачты.

Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин ортосундагы эзелтен бери келе жаткан достук мамилелер ынак коңшулуктун, стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын негизинде мындан ары да өнүгө берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында. 

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Нурсултан Назарбаевге бекем ден соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине бейпилдик жана өнүгүү каалады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости