www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким Чен Ын Covid-19га каршы эмдөөдөн өттү

Кытай Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана анын үй-бүлөсүнө коронавируска каршы эксперименталдык вакцина жөнөттү. 

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын, анын үй-бүлөсү жана Түндүк Кореянын бир катар жогорку даражалуу чиновниктери эмдөөдөн өткөн. Бирок, кайсы дары-дармек компания тарабынан берилгендиги жана анын коопсуздугу белгисиз. Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тастыктаган жок, бирок четке да каккан жок. 

Айрым эксперттер Ким Чен Ын чындыгында эле вакцина алуусу күмөндүү экенин айтышты.  

"Кытай вакцинасы буга чейин акыркы этаптан өтсө дагы, ал мындай тобокелчиликке барбайт эле. Анткени Ким Чен Ындын дээрлик толук изоляцияны камсыз кыла турган көптөгөн баш калкалоочу жайлары бар",- деди Түндүк Кореядан качып кеткен жугуштуу оорулар боюнча эксперт Чой Чун-хун. 

Түндүк Корея өлкө коронавируска каршы күрөшүүдө тышкы жардамга муктаж эместигин дайыма айтып келет. Анын айтымында, пандемия учурунда вирус жуктурган бир дагы учур болгон эмес. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости