www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз үчүн ар бир адамга, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга кесиптик жана коомдук ишмердүүлүктө өз амбицияларын ишке ашыруусу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк берилиши абдан маанилүү. Бул туурасында КРнын вице-премьер-министри Эльвира Сурабалдиева КРнын Өкмөтүнө караштуу Майыптуулугу бар жактардын иши боюнча кеңештин I жыйынынын жүрүшүндө билдиргенин бүгүн билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, майыптардын укугу жөнүндө БУУ конвенциясын ратификациялоо менен Кыргыз Республикасы Конвенциянын бардык жоболорун жүзөгө ашырууга жана адамдардын жашоого, мыйзам алдындагы тең укуктуулугуна, билимге, эмгекке жана жумуштуулукка карай негизги укугун бекемдөөгө макулдугун берген.

«Бүгүнкү күндө республикада ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 193 700 адам жашаса, анын 32 000и – балдар. Биз саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана билим берүү, турак-жай куруу жана шаар жана айылдарда инфраструктура объектилерине тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыздоо жаатында көп нерсени өзгөртүү үчүн күч-аракетти жумшообуз керек.

Майыптардын укугу жөнүндө БУУ конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу алкагында Өкмөт тарабынан майыптыгы бар жактардын коомдук жашоонун бардык тармактарындагы укугун жана кепилдигин алга жылдырууга багытталган, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн алардын көйгөйүн чечүүгө тартуу боюнча иш-чаралар жыйындысы иштелип чыгууда. Ириде, майып балдары бар үй-бүлөлөргө артыкчылыктуу көңүл бурулууда», – деди ал.

Эльвира Сурабалдиева белгилегендей, Майыптуулугу бар жактардын иши боюнча кеңештин алкагында жарандык коом жана мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлик органдарынын биргелешкен күч-аракети аркылуу кыска мөөнөттө «Жеткиликтүү өлкө» программасы иштелип чыгып, кабыл алынмакчы.

«Аталган программа негизги милдетти чечүүгө, же ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү уюштурууга багытталмакчы. Мен биргелешкен аракеттер аркылуу «2020-2022-жылдарга Майыптардын укугу жөнүндө БУУ конвенциясын ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын планына» киргизилген бардык иш-чараларды, «2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү програмасын», ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын жашоо-шартын жакшыртуу максатында инклюзивдик коомду түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бир катар сунуштамаларды иштеп чыгууну ишке ашыра алабыз деп эсептейм», – деди ал.

Кеңештин жыйынынын жүрүшүндө КРнын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин майыптыгы бар жактарды колдоого алуу боюнча чаралар жөнүндө отчету, ошондой эле жарандык коом тарабынан даярдалган Майыптардын укугу жөнүндө БУУ конвенциясын ратификциялоо учурунан берки майыптуулугу бар жактардын абалы жөнүндө нөлдүк отчет угулду.

Мындан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын актуалдуу маселелер топтому талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости