www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик лотерея компаниясы түзүлгөндө бюджетке жылына 100 млн сомдон ашуун киреше түшөт дешкен, ушул кезге чейин бюджетке бир тыйын да түшкөн жок, анын механизмдери да иштелип чыккан жок. Бул тууралуу депутат Төрөбай Зулпукаров Жогорку Кеӊеште жаӊыдан түзүлө турган Өкмөттүн программасы, анын түзүмү менен курамын бекитүү жөнүндө маселеле каралып жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

«Мыйзам кабыл алынып жатканда, биз Мамлекеттик лотерея компаниясын жаап салууну сунуштаганбыз. Тилекке каршы, тескерисинче, анын уставдык капиталын түзүүгө 10 млн сом бөлүнүп берилген. Эмдигиче андан пайда көрө элекпиз. Жаӊы Өкмөт бул багытта катуу чараларды көрүшү керек», - деп кошумчалады эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости