www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева өкмөттүн жаңы курамында гендердик теңчилик сакталбай калганын айтып, кийинки кадамдарда муну эске алууну сунуштады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Өкмөттүн жаңы курамынын программасы бүгүн парламентте талкууланып жатат. Кызматка көрсөтүлгөн 22 талапкердин төртөө гана аялдар.

Өкмөт башчылыкка Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлгөн. Анын командасы өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент кол койгон соң Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуш кылган. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости