www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
29-апрелде борбордогу Фрунзе ресторанында журналист, коомдук ишмер Ассоль Молдокматованын демилгеси менен улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармасы “Жамила” спектаклинин премьерасы Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актёр, актрисаларын аткаруусунда болду. Долбоордун негиздөөчүсү КРнын эл артисти Назира Мамбетова, спектаклди сахналаштырган режиссёр Кыргыз Республикасынын маданиятынына эмгек сиңирген ишмери Талант Апыев, музыкасын койгон КРнын эл артисти Муратбек Бегалиев, сүрөтчүсү Бакыт Тилекматов, Жамила-Айнура Акылбекова, Данияр-Руслан Курманалиев, Сейит- Санжар Сабыржанов. Спектаклге Ч. Айтматовдун уулдары: А. Айтматов, Э. Айтматов, дипломаттар, депутаттар, акын-жазуучулар, кинорежиссёрлор, театр-сынчылары, элибиздин көрүнүктүү актёр, актрисалары жана башка чакырылган коноктор катышышты.
Заманбап спектакль элдин алкышына татыды. Кыргызды дүйнө элине тааныткан улуу жазуучубуз Ч. Айтматов экени талашсыз. Дүйнөнү дүңгүрөткөн өзөчөлөгү менен “айтматовдун ааламы” деген чыгармачылык дүйнөсүбар жазуучу өз тарыхын өзү жазгандардан. Биз, маданият тармагын элге жеткирген журналисттер, маданият тармактын күңгөйүн билген соң, тескейин дагы унутта калтырбашыбыз шарт. Жеке мени ойлондурганы айрым кесипкөйлөрдүн кайдыгер калтыргандыгы болду. “Жамила” спектакли Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында жабык көрсөтүлүп көркөм кеңештин баасынан ийгиликтүү өтүптүр. Мына ошол көркөм кеңеште театрдын директору Жолдошбек Жанжигитов катышып, театрдын көркөм жетекчиси Эльвира Ибрагимованын катышпаганын кандай түшүнсөк болот?!
Оболу, өз кесибин сыйлабагандыкпы, же искусствого болгон чыккынчылыгыбы?!
Ошол эле Фрунзе ресторанында өткөрүлгөндө уюштуруучулар тарабынан театрдын көркөм жетекчисине атайы чакыруу берилсе, “Жамила” спектаклин көрүүгө барбай койгону театрдын аброюна шек келтиргенинде жатпайбы? Жеке гана бир нече кесиптештерине болгон өчүбү, же Айтматовду теңине албагандыкпы? Кесиптештеринин айтканына караганда көркөм жетекчи Э.Ибрагимова театрдын директорун тоготуп койбостон “өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деп театрды каалагандай башкарып, керек болсо министрликке арыз катын жөнөткөн бир топ актёр, актрисалардын тизмегин тактап, алардын артынан аңдып, коркутууга кандай акысы бар?
Көркөм жетекчинин негизги милдети репертуар тандап, спектакль коюу менен алектенүү эмеспи. Азыркы доордо көркөм жетекчинин милдети өзгөрүлүп, театрдын жамаатын эки жаатка бөлүп-жарып, ушак кууган менен алмашылып калганбы деген ой да келет. Мамлекеттик театрды бийлеп калдыбы? Ушундай көркөм жетекчинин көңүл коштугунан театрды жоготуп алуу коркунучу жаралбайбы?
А чындыгында бул спектаклди даярдаган чыгармачыл топтун Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата белек катарында даярдап, Түрксой уюштурган маданий иш-чарага катышып, түрк дүйнөсүнүн сахналарына коёбуз деген аруу тилек максаты бар эле.
Ушул маселелер театр сүйүүчү жана театр ишмерлеринин чыгармачылыгын чагылдыруучу катарында мени да ойго салды. Ошого байланыштуу Кыргыз Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, драматург, театр-таануучу, Театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулмамбетовго кайрылдым.
–“Жамила” спектаклинин премьерасында көркөм жетекчинин катышуусу зарылбы?
Жакшыдыр-жамандыр жаштардын театрга болгон кызыгуусу улам-улам күчөп баратканы сүйүндүрбөй койбойт. Бирок жогоркудай бир театрдын көркөм жетекчисинин жоругу бул болсо, анда келечек муун кандай тарбия көрөт. Чыныгы профессионал, өз кесибинин фанаттарына театр суусап турат. Мыкты кесипкөйлөр театрды өнүктүрсө, жаштарыбыз түз багыттагы таалим-тарбия алса, эртеңкибиз туура нукта баратканына шегим жок. Театр-жан-дүйнөнү азыктандыруучу руханий байлык! Театрды сүйөлү, театрды сактайлы, окурманым.
Чынара Муратова, NazarNews.kg