www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бүгүнкү бийликтеги саясый күрөшкө пикириңиз...

--Тагдыр бул тамашалуу нерсе дегени чын экен. Бүгүнкү күндө болуп жаткан саясатты көрбөйүн десең көргүң келет, укпайын десең уккуң келет. Бирөөгө жамандык же карасанатайлык кылсаң көп айланбай эле өз башына жамандык кайтып келе тургандыгы боз-ала болгон саясат тастыктап турат. Муну айтайын дегеним Нариман Түлеевди жок жерден темир тор артына тыгып, карыган ата-энесин зар какшаткан бийликтин өз баштарына кара булут каптап, калдайган жолу түрмөгө карай баштанып турушат. Алсак, убагында Бишкек шаарынын гүлдөшүнө зор салымын кошуп, тилекке каршы автобустардын шылтоосу менен Атамбаевдин бийлиги менен саясый буюртма менен камакка алынган Нариман Түлеев, маалымат жыйында сыздап, “Менин күнөөм болсо, менин гана мүлктөрүмдү алгыла, өлгөн атамдын, каарыган апамдын мүлктөрдүн асылганыңар туура эмес. Эми силер өлгөн атамдын көрүстөндөгү төрт метр кепинди гана бөлө турганыңар калды. Калганын баардыгын тартып алдыңар” деп зар какшаганы эсиме түшөт.

--Негизинен кыргызда кыйынчылык иш башка түшкөндө бири-бирин колдошот эмеспи. Алсак мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаков жердеш катары Нариман Түлеевге жардам бердиби?

--Нариман Түлеевге карата каралоо, куру доомат болуп турган маалда эл арасынан бийлик тараптан эки жүздүү адамдарды жана одоно мыйзам бузууларды көп көрдүм. Ошондо акты ак деп айтып берчи деп, “Апрель Баатыры” Болсунбек Казаковго кирсек, “ой туура Нариман Түлеевдин мүлктөрүн тартып алуу туура эмес, бирок айлам жок Ак үйдүн 6-кабатынан бизге команда берип, колубуз менен мойнубузду толгоп жатат”, деп агынан ошол кезде эле жарылган. Ошондо мен 6-кабаттагы адам, жаш кездеги досум эле деп Сапар Исаковго кайрылып киргем. Тилекке каршы, досумдан эч кандай мыйзамдуу жолдорун уккан эмесмин. Бир гана жообу, “Досум Урмат, бул ишти аткарбасам мен башым менен жооп берем, болбосо олтурган кызматымдан ыргып кетемин. Баарын биринчи көзөмөлдөп турат, кыл дегенин кылып олтурабыз”, деп айткан. Бүгүнкү күндө дагы Алмазбек Атамбаевдин буйругун аткарам деп атып, аташкасынын курмандыгы болду.

--Өкмөттүн кетишин Сапар Исаковдун агалары А.Шыкмаматов менен Ж.Турускулов кызматтан кетсин деп сунуштады...Ага пикириниз...

--Туура,  азыр чындыкты сүйлөгөн адамдар караланып, акчасы бар адамдар  аткаминер болуп командага бөлүнүп калды. Азыркы тапта, Сооронбай Жээнбековдун командасына акчалуулар эмес, чындыкты сүйлөгөн адамдар керек болуп тургандыгын баамдаган экөө Сапар досумдун кызматынан кетишине салым кошуп берди. Негизи, Азимбек Бекназаров айтмакчы экс-досум Сапардын көзүн тез май басып калды. Мисалы үчүн нарындык Чыныбай Турсунбеков байкебиз дагы Нариман байкемдин камалышына салым кошуп, Данияр Ильич экөө биригип алып, “тырмактай” кыздан тоодой акча талап кылгандыгы коомчулукту таң калтырган. Эми булардын тагдырын караңыз...Айтпаса да түшүнүктүү. Жамандыккка, жамандык – жакшылыкка жакшылык экен.  Баарына Кудай тараза.  Кайтар дүйнө деген бар. Нариман Түлеевдин башына түшкөн мүшкүл кетти, эми убагында кастык кылгандар эртең эле темир тор артында олтуруп калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

--Кайрадан Нариман Түлеевге келсек, бул киши учурдагы саясатка көз карашы кандай?

--Жалпыга маалыма болгондой, апасы кайтыш болгонун аз эле убакыт болду.  Ошондуктан азыр куран окутуу менен алек болууда.

--Рахмат...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости