www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рысбаев жарандардын телефондорун тыңшоонун укуктук жагын карып чыгууну сурады. Мындай сунушту Ички иштер министрлигинин башчылыгына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагалыгына көрсөтүлгөн Кашкар Жунушалиев менен Идрис Кадыркуловго айтты. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Кыргызстанда буга чейин бир канча саясатчылардын, жарандык активисттердин телефон сүйлөшүүлөрү тыңшоого алынып, айткан сөздөрүнөн улам кылмыш иши ачылган окуялар катталган.

Бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөт курамына жаңы сунушталган талапкерлердин программасын угуп жатат.

Өкмөт башчылыкка Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүлгөн. Анын командасы өз программасын "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык" деп атады.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнө парламент ишенбестик көрсөтүп, ал 19-апрелде кызматтан кеткен. Тийиштүү жарлыкка президент кол койгон соң Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Мухаммедкалый Абылгазиевдин талапкерлигин сунуш кылган. Аны КСДП фракциясы көрсөткөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости