www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Европаны АКШны өз максаттары үчүн пайдаланып жатат деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Трамп Орусиядан энергия импорттоого тыюу салуу маселесинде Европа АКШны “колдонуп жатат” деп эсептейт.

"Көпчүлүк Европа өлкөлөрү АКШ тарапта болбой, орус мунайына жана газына бойкот жарыялабай турганын билдирди. Ал эми АКШ адаттагыдай жалгыз калууда, Европа болсо мындан пайдаланып жатат" - дейт Дональд Трамп.

Белгилей кетсек, кечээ, 8-март күнү АКШнын учурдагы президенти Жо Байден Орусиядан электр энергиясын жана нефтини импорттоого тыюу салган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости